Видео: айыл ынтымагы менен «Бөлтөк» көлмөсү тазаланууда

Ушул тапта жаздын ар бир күнү жылга тете болуп турган чагы. Дүйнө жана Кыргызстандагы кырдаалды эске алган айылдаштар жергиликтүү бийлик, тагыраагы айыл өкмөт, жайыт комитети жана өзгөчө кырдаалдар министирлигине кол кабыш кылып Бөлтөктөгү көлмөккө ашар жолу менен көмөк көрсөтүүдө.

«Биздин айылдын » Бөлтөк» суу пайдалануучулар ассоциациясы дыйкандарга суу берүүчү суткалык суу сактагычты тазалап, жергиликтүү элдин жардамы жана айыл өкмөт менен бирге иш алып баруудабыз. Айыл өкмөттүн бюджетинен 100 миң сом, ал эми жергиликтүү элден үч жарым тонна солярка берилди.
Бул иштер Бакай-Ата тургундарынын, суу пайдалануучулар ассоциациясынын жана жайыт комитетинин техникалары менен аткарылууда. Уюшкандыкта элибиздин жазгы талаа жумуштарына даярдыктар көрүлүүдө» — деп билдирди айыл өкмөт башчысы Нурлан Доулбеков.

Эгер сиздер дагы ушул өңдүү көмөк көрсөтүүнү же сунуш-пикирлериңиз болсо биздин Телеграм же Вотсапп номурларыбызга кайрылсаңыз болот. 0557607860 же 0880141192.

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх