Кут даарыган, кутман элим — акимдин куттуктоосу

Кутмандуу Бакай-Ата элим, Сиздерди бүгүнкү тоскон айтыбыз менен куттуктап кетмекчимин.

Бул жолку Курман айтыбыз «таажы вирусу» деп аталган ооруга жал келгендиктен, биз адатта айттап көнгөндөй бири-бирибиздин үйүбүзгө бара албай калдык. Бирок учурдун ушундай талабын аткаруу менен Сиздер оорунун тезирээк күчүн жоготушуна чоң салым коштуңуздар.

Бүгүн айылыбыздын ири соода үйлөрүнөн баштап чакан дүкөндөрүнө чейин эрте жабылып, мечиттерде жума намаздар өткөрүлгөн жок. Бул аракеттер азыркы вирус менен болгон согушта аябагандай маанилүү. Сиздерди ушундай чектөөлөрдү туура түшүнүп, үйдө отуруп бергениңиздерге терең ыраазы болуп отурам. Кадырман карыя, бабабыз Бакай карыянын урпагынан ушундай гана даанышмандыкты күтсө болоорун Сиздер дагы бир ирээт далил болуп бердиңиздер.

Бүгүнкү күнгө чейин пандемиядан каза болгон бир боор мекендештеримдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөм.

Жараткан Аллабыз азыркы апааттан тезирээк чыгып, жай-баракат турмушубузду тургузууга жардам берсин. Өзүңүз менен кошо өзгө өмүрлөрдү сактай жүрөлү.

Сиздерди терең урматтап Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Төрөкулов Чолпонкул Асылбекович.

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх