Ак-Дөбө: элдик жыйындын жыйынтыгы

Ак-Дөбө ар кайсыл мезгилде

Ротация жолу менен Ак-Дөбө айылдык аймагына башчы болуп келген Алмаз Джакеевдин ишине 100 күндөн ашты. 15-февралда ал элдик жыйын уюштуруп, жергиликтүү элге жана райондук мекеме-уюмдарды өкүлдөрүнө отчёт берди. Биздин редакция ал отчёттун эң маанилүү бөлүктөрүнө назар салды.

Санарип аймакка карай …

Чу дегенде эле айыл өкмөт кызматкерлери Инфодокстун ишин илгерлетип, турак-жайларды 100% базага киргизе алган. Е-кызматка туташып, 10 кызматкер иш алып барууда. Бул жерден айыл өкмөт башчысы 2 вакансиялык бош орундук бар экенин билдирип, жогорку же орто билими бар адистерди айыл өкмөт менен кызматташууга чакырды.

Призидум

Дотациядан чыгуунун аракеттери

2021-жылы 34,2%

2022-жылы 24,8%

Былтыркы жылкы инвестициянын жалпы наркы 43 млн 883 миң сом болгон.

2022-жылы жалпы киреше салыгы 22 млн сомдон ашык болгон.

Айыл чарбаны азын-оолак айтып кетсек;

Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери 717 га болсо, алардын 97 га дыйкандар менен күздүк дан эгиндерин себүү макулдашылган. Иш жүзүндө дыйкандар тарабынан 121 га буудай эгилген. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу аракетинде бул аябай маанилүү.

Мал урдоо фактылары айыл үчүн байыркы бир заман болуп, дээрлик катталбай калган. Ошондой болсо да алдын-алуу максаты менен 126 жылкыга чип басылган.

Тилекке каршы айылдык аймактын соңку тарыхында бир канча айыл өкмөт башчылары алмашып, туруктуу өнүгүү токтоп калган. Кошуна айылда төрт жолу Жергиликтүү кеңештин депутаты болгон адамдын дайындалып келгенине түз кабыл алышты. Ак-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары дем болуп, Алмаз мырзага колдоо көрсөтүп жатат. Бул өз кезегинде туруктуу өнүгүүнүн өзөгүн түзүп, жагымдуу инвестициялык климатты пайда кылат.

https://fb.watch/iLk3q9dfaJ/

Курулушу былтыркы жылы башталган Жапон элинин көпүрөсү, Талас-Тараз трассасын бойлой курулуп, 2024-жылы бүтөөрү күтүлөт. Бул көпүрөнүн көркүнө жанаша эс алуу борборлору, бассейн курулуп калса жергиликтүү жумушчу орундары пайда болот.

Президенттин Таластагы өкүлчүлүгүнүн түздөн-түз киришүүсү менен “Кара Кече” көмүрдүн тоннасы 5300 сом, “Кара Жыра” 6800 сомдон сатылып, 130 тонна айылга түшүрүлгөн. ЖК депутаты Русланбек Жакышов эларалык фонддор менен бирдикте 50 тонна көмүрдү аз камсыз болгон 100 үй бүлөгө жарым тоннадан акысыз тараткан.

Ардагерлер кеңешинин төрага орун басары Сагын Эмилов.

Быйылкы кыш суук болгонун эске алганда бул өз учурунда эл үчүн көрүлгөн эң мыкты камылга болгонун байкалат.

Жаңы дайындалган айыл өкмөтүнө, 2 жыл мурун элден шайланып келген жергиликтүү депутаттарга ири ийгиликтерди каалайбыз.

Article written by admin

"Бакай-Ата" коомдук порталы

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *