Бакай-Атада райондук жана айылдык посттор орнотулду

Бүгүн, 24-мартта Бакай-Ата районунун акиминин башчылыгында райондук штаб өттү. Анын жыйынтыгында короновирус илдетинен коргонуу максатынла райондук жана айыл аралык блок постторду орнотуу чечими кабыл алынган. bakaiata.kg аталган чечим кандай аткарылып жатканын кыдырып көрдү.

Бакай-Атадан чыгып. Кызыл-Сай айылына бараткандагы алгачкы постто бир милиция кызматкери биздин кайсыл жактан чыгып кайда баратканыбызды сурап туруп өткөрдү. Ак-Дөбө менен өзгөрүштүн блок посту орнотулуп бирок адамдын жоктугунан унаалар текшерүүсү жок өтүп жатты. Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылы менен Талас шаары чектешкен постто 20 чукул ИИМ жана акимиат менен айыл өкмөт кызматкерлери күзөтүп жаткан экен.

Шадыкан менен Акназаров айыл өкмөттөрү боз үйгө чейин тигип, айрым унааларды дезинфекциялап жатышты.

24-мартта президент Сооронбай Жээнбеков өлкөгө “өзгөчө абал” киргизүү жарлыгына кол койгон жана парламент аны колдоп берген. Ага ылайык эртең, Кыргыз Республикасындагы бардык адамдар, 25-марттан баштап 15-апрелге чейин өлкөдө коменданттык саат жашайт.

Article written by admin

"Бакай-Ата" коомдук порталы

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *