Видео: Эли менен нанын бөлүшкөн айыл өкмөт

15-апрелде өлкө аймагына киргизилген өзгөчө кырдаал бүтмөк эле.
Тилекке каршы таажы ылаңынын таралуусу күчөп, парламент өзгөчө кырдаалды 30-апрелге чейин узартты.

1 айга жакын үй-талаасынан тышка чыга албай, оокат-ашынан обочолонгон шартта өткөргөн тургундар кыйналды. Айыл өкмөттөгү адистер алардын абалынан кабардар. Айыл өкмөт башчысы Нурлан Доулбеков айыл башчылары менен бирге ушул тапта убара тартып жаткандар менен мамиле үзбөй, кабар алып жүргөн чагы. Ал андай үй-бүлөлөргө өз жанынан азык-түлүк таркатып чыкты.

Алгач ал ишибизден кабар алган Наматбек айылынын эң улуу аксакалы үйүнө чакырып, эл уулуна батасын берди.

15 кап ун жана чакан азык-түлүгүн атайын баштыктарга батырып алып көчө аралап, чындап муктаж үйлөрдү кыдырып баштадык.

Эскерте кетсек жардам алган үй-бүлө мүчөлөрү бизге алдын ала кайрылган эмес — айыл өкмөттөгү Ильяз Байтиков өңдүү адистер аларды билет.

Алар өз кезегинде Нурлан Доулбековдун жамааты менен күтүүсүз келгенине кубанып, ыраазычылыгын билдирип жатты.
Мисалы бул үйдүн кожейкеси 5 баланы багып өстүрүүдө.
Жаш апа жолдор жабылганынан Талас шаарына бара албай жатканын айтып калды . Ал балдарынын онлайн билим алуусуна санарип алмак экен. Наматбек айыл башчысы Күмүш мырза жакында атайын трансфер уюштуруп берүүгө убада кылды.
Үй кожейкеси ага чейин атайын аны-муну алууга камынып жүргөн кошуналарын топтоп, акчаларын даярдап коёрун айтты.

Учурда Бакай-Атада ундун 50 кг болгон бир кабы 1600-1700 сомдон сатылууда.
Айыл өкмөт атайын сатуучуларды ири көлөмдө ун ташып келүүсүнө көмөк көрсөтүүдө.

Эскерте кетсек ушундай эле көрүнүштөгү иштерди өткөн күндөрү Жер-Үй алтын-кени, ЖК төрагасы Дастанбек Жумабеков, Талас Бегалиев, Нурлан Сырдыбаев, Батырбаш дүкөнү жана «Исмаил ата» фонду кол кабыш кылышкан.

Элибиз кандай күнгө кабылбасын алуучу эмес берүүчү колдор көбөйө берсе экен деген үмүттөбүз.

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх