Талас облустук жаштар кеңешинин ыктыярчылары коронавирустун айланасында болуп кырдаалга каршы күрөшүүдө.
Алар бул аракетин 18-марттан кийин баштаган.
Талас шаарындагы алардын кеңсесине барып, жалган маалыматтардын жайылуусуна каршы иштеп жаткан Айгерим Алымкуловага жолуктук
Ушул эле коомдук бирикменин ыктыярчы жигиттери Талас районунун борбору Көк-Ой айылына барып, дизинфекция иштерин жүргүзүшүп бүттү.
Иш күнүнүн соңунда жолукканда алар 6 ыктыярчы экенин көрдүм. Бирок Кубанычбек Марияпов жалпы 15 ыктыярчы бул ишке тартылганын айтты. Ушундай эле аракеттер Бакай-Ата районундагы Санитардык кызматы менен “Ак-Дөбө” жаштар борбору тарабынан жүргүзүлгөн.
Маектешкен Азамат Каработоев