
Таажы ылаңы Талас облусуна каптай электе эле өрөөндүн өткүр жаштары туш-туш тараптан мамлекетке жардам кылышып жатты. Алардын бири бүгүн, 27-июльда облустун ардактуу атуулу Абданбек Белек уулу болду.

Ал Манас райондук оорукасына Honda Step Wagon үлгүсүндөгү тез жардам автоунаасын тапшырды.
Жергиликтүү жамаат, аксакалдар топтолуп Белек мырзага батасын беришти.

Белгилей кетсек Белек Абданбек уулу Жер-Үй алтын кенинин астындагы “Бакубат Талас” фондунун директору болуп, өрөөндүн өнүгүшүнө түрткү болуучу түрдүү долбоорду колдогон.
Учурда ал жеке ишкердик менен алектенип келет.
Бакай-Ата айыл өкмөтү Абданбек уулунун үй-бүлөсүнө, өзүнө албан-албан ийгиликтерди каалайт.
Be the first to comment