Айт2020: өзүбүз менен өзгөлөрдүн өмүрүнө кам көрөлү

Урматтуу айылдаштар, мусулман бир туугандар!

Бүгүнкү айтылган каалоолор, суралган тилектерибиздин барын Жараткан Алла кабыл кылсын.

Быйылкы Айтыбыз куттуу жуму күнүнө туш келип, барыбыздын тилектерди бириктирди. Ошону менен удаа адам баласы жүз жылда бир келүүчү пандемия апааты дагы арабыздан айрым мекендештерди, айылдаштарды алып кетти. Жаратканыбыз жандарын жаннаттан жай алышына насип кылсын. Ооба, бүгүн кырдаал бир аз турукташты бирок оорунун күчү басаңдай элек. Бул дегендик анын ылаңы дагы зыяндуу кесепеттерге алып келип, жакындарыбызды арабыздан алып кетиши мүмкүн дегенди билдирет. Мындан улам биз быйылкы Айтта кошуналарды үйүңүзгө чакырбай, өз ара үй-бүлө мүчөлөрүңүз менен тосууга чакырабыз.

Мусулман баланын Саждада турган учуру

Кудай таала, Куранда ар бир дуба жан дилден айтылса шексиз кабыл болоору айтылган. Андыктан Сиздин көпчүлүккө аралашпай, үйдө олтурганыз учурдун сооптуу талабы.

Өзүбүздүн, өзгөлөрдүн өмүрүн ойлогон ар бир айылдашыбыздын айтылган каалоосу, суралган дубасын Алла-таалам кабыл кылсын.

Урматтоом менен, Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Нурлан Доулбеков.

Article written by admin

"Бакай-Ата" коомдук порталы

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *