Жаңы 2021-жыл: айыл өкмөт башчысынын куттуктоосу

Кадырман калайык-калк!
Ардактуу айылдаштарым!

Узаган 2020-жыл түрдүү учурларга бай болду.
Оош-кыйыш менен коштолгон ошол жыл ортодон жакындарыбызды арабыздан алып кетип, ортобузду жакындатты.
Акка моюн сунган ар бир айылдашыбыздын арты кайрылуу болуп, жаны жанаттан жай алсын.
Дүйнөнү каптаган бул пандемия айылыбызды айланып өткөн жок. Ал учурда айылыбыздан ар бир атуулу ыктыярчыга айланып, өз салымын кошуп, оор кырдаалдан жеңил чыктык. Өзгөчө совет доорунан бери зобололуу өзгөрүү болбогон ооруканабызга жаңы техникаларды алып берген улан-кыздарыбыз улуу муунга дагы үлгү болду.


Негизи эле, Covid-19, бизге ден-соолукту аздектеп, жакындарыбызды колдоп жана каржы сабаттуулукту калыптандыргыла деген сабак берди. Мунун ичинде элүү миң калкы бар районубуздун гезити болгон “Айыл Жарчысы” облуска биригип жоюлса, Бакай-Ата ФМ радиосу чырлуу жол менен сыртка чыгарылып кетти. Бул иштер мыйзам талаасында акыйкат такталат деп ишенем.

Татаалдыктар менен удаа татыктуу иштер дагы жасалды.
Жыл башында айыл өкмөтүбүз Талас облусунан биринчилерден болуп өзүнүн расмий сайтын түздү. Бул инвестициялык климатты позитивдүү таасирин берет.
Биз сиздердин салыктан чогулган жана республикалык каражаттын эсебинен Шапак жана Каныбек көчөлөрүнө асфальттадык. Кырман участогунан баштап Наматбек айлына чейин заманбап жарыктандырууну камсыздай алдык. Учурда таза суу менен камсыздоо айрым гана көчөлөрдүн бөлүгүндө гана аягына чейин бүткөрүлө элек.
Борбордук Манас көчөсүнө көз жүгүртсөңүз күжүрмөн ишкерлерибиздин түрдүү багыттагы имараттар, соода жайларынын курулушун көрө аласыз.
Биз бул жылдын башын Рысбек же эл ичинде азанчы Билалдын ак өргөөсүнө 100 миң сомдук салым кошуу менен баштаганбыз.
Ушундай эле урматты көргөзгөн Уулу Ата Мекендик согуштун ардагери Оморбек ак сакал арабыздан узап кетти.

Ак-карасы аралаш жүргөн жашообузда барыбыз аман болуп, 2021-жаңы жылыңызда, жаңы сыноолорду жаңы жакшылыктар ыроолосун.

Сиздерди урматтап, айыл өкмөт башчысы Нурлан Доулбеков.

Article written by admin

"Бакай-Ата" коомдук порталы

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *