Райондогу добуш берүү жыйынтыкталды — эң көп добуш С.Жапаровто

Бакай-Ата районунда жалпы 32 миңден ашык шайлоочу расмий катталган. bakaiata.kg сайтынын ыктыярчылары 24 шайлоо участогунун айрымдарын кыдырып чыккан. Төмөндө Шайлоо комиссиясы берген расмий маалыматтардын жыйынтыктары жана жеринен тартылган түз эфирлердин шилтемелери чагылдырылган.

Биздин иш 6059 номурлуу Борбордук участоктон башталды. Сүрөт Бакай Калыбаев.

Бакай-Ата айылындагы «Борбордук» шайлоо участогуна 32 жараан күн мурун атайын арыздын негизинде добушун үйүнөн беришкен. Калган шайлоочулар шайлоочуларды биз 08:20 көрө баштадык.

6059 — 1571 шайлоочунун ичинен 669 катышкан. 01 номурдагы талапкер Садыр Жапаровко 508 адам добуш берген. Кененирээк алдыдагы эфирдин шилтемесинен көрө аласыз.

https://fb.watch/2WOL2VEYrk/

Наматбек-6057: 643 шайлоочунун 320 келген. Садыр Жапаров ал жерден 264 добушка ээ болгон.

Жол-Сай-6058: 1186 шайлоочунун 470 келген. Садыр Жапаров 379 деп таңдоо жасаган.

Поликлиника (айыл өкмөт имараты) 6060: 1367 шайлоочу бар болсо алардын 462 келген. Садыр Жапаровко 368 адам добушун берген.

Таш Кудук айылынын мектебинде шайлоо участогуна барып, абалдын тынч өтүп жатканын көрдүк.

6065 номурлуу участокто 903 шайлоочнун ичинен 344 адам өз добушун бере алган. Садыр Жапаров 270 добуш алган. Кененирээк алдыдагы шилтемеде:

https://fb.watch/2WPHo0AUlV/

6063 номурлуу Көк Таш айылындагы шайлоо участогунун төрагасы Бакыт Суваналиев 60 жашка толгон туулган күнүндө иштеп жаткан экен. Ал жердегы 569 шайлоочунун ичинде 243 адам добуш берүүгө келген. Эң көп добуш алган Садыр Жапаров 203 добушка ээ болгон.

https://fb.watch/2WPScYLk2Q/

Кызыл-Өктөбүр айылында шайлоо адатта мектебинде өтчү. Бул жолку добуш берүү күрөш залында болуп, көпчүлүк шайлоочулар мектепке барып алышкан. Алардын бири биздин түз эфирде бул ыңгайсыздыкты жаратканын айтып, алдын-ала кулактандыруу кылып коюша болмок экен деди. 6064 УШКда 1859 добуш бар болсо алардын 793 катышкан. Садыр Жапаровко 645 шайлоочу өз таңдоосун жасаган. Калган добуштар башка талапкерлерге кеткен.

https://fb.watch/2WQuVIfLfn/

Маданият айылында шайлоо тынч, музыкасыз өтүп жаткан экен. 6062 номурундагы шайлоо участогунда дагы эң көп добушту биринчи тизмедеги талапкер, Садыр Жапаров алып кеткен — 330 шайлоочу. Жалпы 1288 шайлоочунун ичинен 574 адам келген,

Эфирдин шилтемеси:

https://fb.watch/2WR8XXuskf/

Үйүр Марал-6056: 403 шайлоочунун ичинен 212 катышкан. Садыр Жапаровко 183 адам добушка ээ болгон.

1408 шайлоочусу бар Чоң-Алыш участогунда 598 адам катышкан. 6061 УШК Садыр Жапаров 510 добуш алган. Эфирдин шилтемеси төмөндө.

https://fb.watch/2WRu20ltxR/

Тунук Вахид кызы, Бишкек Мамлекеттик Университетинин 2-курсунун студенти. Сүрөт Бакай Калыбаев.

Оро айылдык аймагында 2 шайлоо участогу жайгашкан.

Кыргызстан-6051: 1730 шайлоочу бар. 660 адам келген. 601 Садыр Жапаровко адам өз добушун берген.

Эфирдин шилтемеси:

https://fb.watch/2WRCJ34By8/

Т.Чолушев мектеби (1-Май)-6050: 1634 шайлоочусу бар болсо алардын 585 мектепке келген. Аталган аймактан Садыр Жапаров 530 добуш алган.

Боо-Терек. Күмүштак-6052: 2243 шайлоочу, 792 келген. Садыр Жапаровко 666 тургун добушун берген.

Боо-Терек-6054: Жалпы 1680 шайлоочунун ичинен 610 келген. Садыр Жапаров 530 добуш алган.

https://fb.watch/2WSRid9RWn/

Миң-Булак-6055: 2027 шайлоочунун ичинен адам участоко 777 келген. Садыр Жапаров — 648 добуш алган. Кененирээк эфирден.

https://fb.watch/2WZi5VdXGo/

Ак-Дөбө-6072: Бул шайлоо участогунда 1679 алардын 620 катышса 469 адам Садыр Жапаровко берген.

https://fb.watch/2WTPIb3NVT/

Маданият-6071: 1682 шайлоочу катталса алардын 633 шайлоого катышкан. 487 адам Садыр Жапаровду таңдаган.

Сурамжылоо — Азамат Каработоев менен Элеанора Арыкеева. сүрөт Бакай Калыбаев

Кызыл-Сай-6073: 1029 жалпы шайлоочу бар болсо алардын 498 келишкен. Садыр Жапаров ал жерден 424 добуш алган.

Өзгөрүштөгү 3 участокто мындай көрсөткүчтөр болгон.

Кашка-Жол:6053: 1054 жалпы шайлоочунун ичинен 452 адам келген. Садыр Жапаров 375 добушка ээ болгон.

Өзгөрүш-6070: Эң чоң шайлоочулардын саны бар бул аймакта 1538 добуш бар. Алардын добуш берүүгө 605 келсе, адам Садыр Жапаровко 523 добуш берген.

Соңку участок болгон Собуров мектеби-6119 өткөн жылдары ачылган. Ал жердеги 1119 шайлоочунун 492 келген. Садыр Жапаров ал жерден 385 добушка ээ болгон.

Кең-Арал-6068: 2240 шайлоочусу бар болсо алардын 934 келген. 772 адам ал жерден Садыр Жапаров деген.

https://fb.watch/2WUR01H3EF/

Шадыкан айыл аймагы 2 айылдан турат.

Ынтымак: Айыл өкмөт имараты-6066: Жалпы шайлоочулар: 1660. 701 адам шайлоого келген. 591 шайлоочу Садыр Жапаровду таңдаган.

Түйтө: Көчөрбаев мектеби-6067: Бул аймакта634 шайлоочу катталган болсо 325 адам добуш берүүгө келген. 289 адам Садыр Жапаровко таңдоо жасаган.

Жыйынтыктап айтканда, Бакай-Ата району боюнча 33 146 шайлоочунун болгонгу 12 700 келген. Алардын ичинен 9754 жараан Садыр Жапаровко добуш берген болсо 2946 шайлоочу калган 16 талапкерди таңдаган. 9 айыл өкмөттөн турган райондун 20 446 жашоочусу шайлоого келген жок.

Авторлор: Азамат Каработоев, Бакай Калыбаев, Тунук Вахид кызы, Элеанора Аракеева.

1 комментарий к “Райондогу добуш берүү жыйынтыкталды — эң көп добуш С.Жапаровто”

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх