Салык кызматы: зоналдык коэфцентти көтөрүү учурдун талабы

Салык кызматы Кеңештин кезектеги отурумунда депутаттарга зоналдык коэфцентти турак-жай 1-2 көтөрүүгө чакырып өттү. Нуркан Доулбеков райондун соода, өнөр-жай жерлеринде зоналдык коэфцентти көтөрүү менен жергиликтүү казынанын кирешесин көбөйтүүнүн жолдорун айтып өттү.

Зоналдык коэфцент же «Кз» деген эмне? Кз — бул кадимкий биздин үйдүн короо жайы (агороду). Борбордук көчөдө же базар сыяктуу эл көп топтолгон жерде мындай жерлер соода, өндүрүш же кампа сыяктуу киреше алып келүүчү жер катары пайдаланылат.

Нуркан Доулбеков депутаттар жергиликтүү деңгээлде токтом чыгаруу менен зоналдык коэфцентти өзгөртүүгө 1-октябрга чейин тийиш экенин билдирди.

Нуркан Доулбеков

Депутаттар эми жылдык кирешесин көрсөтүүгө милдеттүү түрдө деклорация толтуруусу керектигин кошумчаланды.

Эске сала кетсек 2021-жылы өлкөдө Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум болуп, анда Баш мыйзам толугу менен өзгөртүлгөн. Мындан улам жыл башында жаңы салык кодекчи кабыл алынган.

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх