Апрелдин алтысы Азаттыктын жарчысы: курман болгондорду эскеришти

Райондук маданият үйүнүн алдында тургузулган монументтердин алдында Апрель баатырлары жана айыл тургундары топтолду.

Апрель баатырлары айыл өкмөт башчысы жана имам-хатиб менен

2010-жылдын 6-апрелинде Таластын туш тарабынан адилетсиз башкарууга каршы чыгып, облусттук администрациянын айланасына топтолгон. Ошол кездеги басма сөз кызматы бир тараптуу маалыматты борборго жеткирип тургандыктан, ИИМ башчысы Таластагы демонстранттарды күч колдонуу менен таркатууга киришип, анын аягы аянычтуу окуя менен аяктаган. Эртеси күнү курч абал өлкөнүн бардык аймагына тарап кеткен.

Апрель баатырлары кимдер?

Асеев Чолпон, Асеев Нуржан, Казакбаев Совхозбек, Каработоев Жанат, Жарманбетов Ильяз, Дүйшөналиев Замир, Байболотов Тууганбай, Стамбаев Темирбек, Шерматова Хаирниса, Төлөнов Азамат, Ташыбеков Ишенаалы, Ташыбекова Качканкыз, Оморов Рустамжан.

Баатырларга Куран окуп бүткөндөн кийин гүлдөр коюлду

Айыл өкмөт ал окуяга катышкан баатырларга акчалай көлөмдө 30 000 сом каржылык колдоо бөлдү.

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх