ЖК депутаты Жакышов – согуштун 77 жылдык эскерүүсүндө тылдын ардагерлерин куттуктады

Бүгүн, 9-майда Бакай-Ата районунда Улуу Ата Мекендик согуштун 77-жылдыгы эскерилди. Ага аким Алгынбай Имаров менен ЖК депутаты Русланбек Жакышов, айыл өкмөт башчысы Руслан Байдулатов жана башка бир топ мекеме-уюмдардын жетекчилери согушта тылда эмгектенген ардагерлерди куттукташты.

Сүрөттөр Өмүрбек Алымбаевдики

Райондук аскер комиссиаратынын жоокерлери гүл-чамбарларды өчпөс отко коюга бет алышты. Аркасынан жоон топ жөө жүрүш менен эрчиди.

Эскерүүнү жергиликтүү медиа борбор – Талас ТВнын кечки эфиринен көрсөңүз болот
Сөз Ооган согушунун ардагери, райондук ардагерлер төрагасы Нурбек Эшеналиевке берилген учур
Түбөлүк оттун аянтчасы 2020-жылы айыл өкмөт менен Жер Үй алтын кенинин каржылоосу менен капиталдык оңдоодон өткөн.
Депутат Согушта оор балалык өткөргөн ардагерлерге арнап акчалай сыйлык тапшырды
Апалар, Аталар азыркы жаркын заманда жашообуздун себепкерлерина рахмат айтуу
Аталар азыркы жаштарга батасын беришти
Бакай-Ата айылындык аймагынын акыркы ардагери Оморбек Кушубаков 2020-жылы 101 жашында каза болгон. Учурда бир гана тылдын ардагерлери бар.
Тележурналист Рахат Бейшалиеванын айтымында азыркы кезде Талас облусунда согуштун 3 гана ардагери калган.
Сүрөттөгү ардагерлер; 97 жаштагы Араке Арстанбеков жана 92 жаштагы Александр Филкин.
Сүрөт Бообек Чүкөтаев

Эскерүү митинг-реквием Бакай-Ата райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин аракеттери менен уюштурулды.

Article written by admin

"Бакай-Ата" коомдук порталы

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *