Эл СССРге каршыбы же анын тарыхын так билбейби?

Өткөн аптада өлкөнүн бермети болгон Ысык-Көл облусунун борбору Кара-Кол шаарындагы №4 гимназиясында пионерликке кабыл алуу болгон. Ага чейин ушул эле облуста коммунисттик идеологиянын символу болгон В.И.Лениндин бюсту ачылган. Бул сыяктуу окуялар коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратып, коомчулук 2 ача ойлорун ортого айтышууда. Биз алардын бири, аталган гимназияда кызын окуткан атанын пикирин сиздерге сунуштоону туура көрдүк.

Сүрөт Балыкчы шаарынын мектебине таандык

Бүгүн бир окуя мени кейитти. Караколдогу №5 мектебинде окуган кызымды (3-класс окуйт!) үйгө алып кеткени барсак, окуучуларды тизип алышып, пионерликке кабыл алып жатышыптыр. Кызым эмес, мен пионер болгон эмесмин. Бул нонсенс да! Биздин мамлекет эмне карап отурат? Путин СССРди кайра жаратам деген долбооруна биротоло кирдикпи? Москөө эмне дейт отурабызбы? 30 жылда эч бир идеология ойлоп таба албай, акыры 100 жыл артка кеттикпи? Балдарыбыз пионер болобу? Кыргыз ССРи болуп, анда кайра артка кетели. Мамлекеттик катчы кайда карап отурат? Ал идеологияга жооп берет да. “Прогрессивдүү” билим министри кайда карап отурат? Эмнеге үчүн Единая Россия партиясы ойлоп тапкан нерсени биз жасап жатабыз?

Пионерлер — Советтер Союзунун продуктусу. Октябрят, пионер, комсомол, андан кийин коммунисттик партияга мүчө болуу. Өзүңөр билгендей, Союзда бир гана партия бар болчу – коммунисттик партия. Ал партия коммунизм курабыз деп отуруп, акыры Союзду жок кылышкан. Эч кандай согуш-погушу жок эле, Союзду ыдыратышкан. Кыскасы, пионерчилик СССР менен чогуу жок болгон. Эми ошону кайра жаратуу – маңкуртчулук да. Павлик Морозов деген пионер чыккан атактуу. Окуп көргүлө ал тууралуу. Колхозго каршы чыккан атасын сатып салган. Өз атасына каршы чыккан. Кичине баланын мээсин коммунисттик идея менен ушунча жууп салышкандыктан, атасын сатып салган. Бир версия боюнча атасын өлтүрткөн, бир версия боюнча 10 жылга соттоткон. Пионерлер аркылуу ата-энени баласы менен тирештирген. Көп үй-бүлөлөр коркуп калган өз балдарынан. Кокус пионер бар үйдө коммунисттик парияга каршы сөз айтылса, балдары дароо бийликке жеткирип турушкан.

Ата-эненин уруксаты жок, Кыргызстанда балдар пионерликке алынбасын! Балдарды саясатка, башка өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн колдонбогула!

Же болбосо, ачык эле айткыла, 100-жыл артка кетели деп. Пионерлерди, СССРди сүйгөндөр үлүш жериңерди бергиле, колхоз түзүлсүн, баарыбыз 120 рубль алалы, базарларды, Глобус, Фрунзе, дүкөндүн баарын жаап, райцентрлерге өкмөттүн дүкөндөрүн ачкыла, 10 койдон ашыгын, 1 жылкы, 1 уйдан ашканын өкмөткө бергиле, туалетте кезекте туруп джинсы шым алгыла, нанга, сүткө кезекке тургула, чет өлкөгө чыкпагыла. Москвага да барбагыла, анткени прописка системасы болот, айылдан чыкканга болбойт, эркектериңер трактор айдап, колхоздун жумушун кылгыла, аялдар болсо саанчы болгула. Москва эмес, Бишкекке да пропискасы жок кире албай каласыңар. Жумуш эч ким бербейт. Мунун баарын көрбөдүк беле? Эмнеге мынча ностальгия болосуңар? Ностальгия болгондор Түндүк Кореяга барбайсыңарбы? Ал жер как раз СССРдин 1960-жж жашап жатышат. Байкасам, СССР кезинен бери жакшылык көрбөгөндөр колдошот экен. Сиздер Лениндин эстелигин үйүңөргө коюп алсаңыздар болот, пионер галстук кийип жаткыла, бирок жалпы кыргыз балдарына таңуулабагыла. Коммунизм курабыз деп уят болгонсуңар.

Биз азыр кандай сонун учурда жашап жатабыз. Мыктылар Марска экспедиция жиберели деп атышат, электр унааларын чыгарып жатышат, рак ооруларын айыктыруунун үстүндө иштешүүдө, органдарды принтер менен чыгарып башташты. Интернет менен үйдө отуруп алып дүйнө менен иштеп жатышат. Бүт дүйнө азыр ачык бизге. Каалаган өлкөгө барып келсе болот. Дүйнө Москва менен гана чектелбейт. Ушундай сонун учурда жашап жатып, алдыга умтулуунун ордуна артка кеткен кантип болсун? Өзбекстан азыр кандай өнүгүүдө? Казакстан да алдыга кеткен. Эч кандай Союз, пионер дебей эле. Азербайжан укса, бир жери менен күлүшөт.

Кыскасы, муну токтотолу. Каршы туралы. Өзгөчө ата-энелер, буга жол бербегиле.

Тынчтыкбек Жанадыл — посттон автору

Автордун посту Фейсбук социалдык түйүнүнө кечээ күнү жүктөлгөн, 24 сааттын ичинде ал жерге 1200 жакын адам пикир калтырууга жетишкен. Арасында биздин сайттын туруктуу окурмандар дагы бар. Ошол себептен биз бул баракчабыз аркылуу Сиздин пикирди билүүгө аракет кылып көрүүнү чечтик; айрымасы жок, Сиз Кыргыз ССР учурунда жашагансызбы же жокпу. СССР жана социалисттик түзүлүш аркылуу курулуучу коммунизм идеологиясын кандай билесиз, ага канчалык ишеним артасыз?

Фейсбуктан комментарий калтырып кетсеңиз болот;

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх