Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Жакышов, Парламенттин жыйынында, элет жериндеги элибиздин көйгөйлөрүнүн бири болгон сүт азыктары боюнча маселени көтөрүп, президенттин өкүлүнө ушул маселени тез арада чечүү керектигин айтып, тийиштүү мекемелерге, жетекчилерге тапшырма берүүсүн сурады.
https://www.azattyk.org/economics/2022/5/4
Эске салсак ушул айдын башында Чүй облусунун фермерлери сүттөрүн сата албай арыкка төгүшкөн болсо, Талас шаарында дыйкандар сүт сатып алган компанияларга нааразычылык билдирип митингге чыгышкан.
Таласта сүт баасы мартта 30 сомго чейин көтөрүлгөн бирок бул баа көпкө кармалбай апрелде кескин төмөндөп кеткен.
Be the first to comment