https://youtube.com/shorts/avquNKe_uhk?feature=share

Жакышов жаңы ачылган “Манас” театрына барды

Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Жакышов, Кыргыз улуттук “Манас” театрына барып, бабалар баянын даңктап келе жаткан өнөр ээлери менен жолугушту.

Маданий жайдын ишмердүүлүгү менен таанышкан эл өкүлү чыгармачыл инсандарга ийгиликтерди каалап, улуттук руханий дөөлөттөрүбүздү урпактан урпакка калтырууда кошкон салымдары чоң экенин белгиледи. Андан соң депутат манасчыларга белектерди тапшырып, өнөр адамдары менен кеңири баарлашты.

https://youtube.com/shorts/avquNKe_uhk?feature=share

Article written by admin

"Бакай-Ата" коомдук порталы

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *