Кайрымдуулукту азиз көрсө, дүлөй уга алат – М.Твен

“Ишеним” фракциясынын төрага орун басары – Русланбек Жакышов

Жогорку Кеңештин депутаттары менен бирге Русланбек Жакышов Кореянын кайрымдуулук уюмдары менен кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Бүгүн, 7-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Русланбек Жакышов жана Максатбек Сарбагышев «Good Partner» жана «Babsang-Yentan Eunhyeng» (Корея Республикасы) кайрымдуулук фонддорунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Жыйындын жүрүшүндө Русланбек Жакышов донор уюмдарына ыраазычылык билдирип, жарандардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

“Кыргызстандагы «Good Partner» фонду, 10 жылдан ашык тарыхында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардамдар көрсөтүлүп, анын ичинде күз-кыш мезгилинде көмүр жеткирүү, ичүүчү суу менен камсыздоо, Бишкек шаарындагы 47 жаңы конуштарда жүргүзүлүп жаткан иштер өзгөчө мааниге ээ» – деди Русланбек Жакышов.

Ал шаардык муниципалитетинде иштеп жүргөндө кайрымдуулук уюмдар менен социалдык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып келген.

Кайрымдуулукту кандай нерсе экенин жаныбарлардан үйрөнсөк болот

Жолугушуунун соңунда депутаттар “Good Partner” фондун өнүктүрүүгө жана социалдык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга көмөк көрсөтөрү тууралуу ниеттерин билдиришти.

Булак “Ишеним” фракциясынын маалымат кызматы.

Жолугушуу учуру

Article written by admin

"Бакай-Ата" коомдук порталы

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *