11 жылдан кийин оюн-зоокко кайрадан уруксат берилди

Бүгүн, ЖКда өлкөгө 5 млрд сомго жакын киреше алып келет деген жүйөө менен чет өлкөлүк жарандар үчүн Кыргызстанда оюн-зоок жайларын ачуу мыйзамы 3 окууда кабыл алынды.

№21 Талас округунан депутат Бактыбек Чойбеков бул мыйзам калкынын 90% мусулман болгон Кыргызстан үчүн пайдасыз экенин белгилеп, 5 млрд сом жалпы өлкө казынасынаню каралып жаткан 400 млрд сомго олуттуу таасир бербей турганын белгиледи.

УКМК төрагасы “ыймандуулар” деле кантип, кайсыл жактарга барып кумар оюндарын ойноп жатканын билээрин кыйтуу менен буларды айтты;

Мыйзам демилгечиси, Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров өлкө экономикасы күчтүү кылуу менен гана көптөгөн көйгөйлөр чечилерир, ар бир миллиард тыйындан куралат деген жообун айтты.

Таластын Бакай-Ата районунан кызыкчылыгын көп коргогон депутаты Русланбек Жакышов учурда Ысык-Көлдө ТүркПА (парламенттик ассамблеясынын) өкүлдөрү менен жүргөндүктөн бүгүнкү отурумга катыша албай калганын билдирип бирок бул мыйзамга каршы экенин билдирди. Дагы башка таластык 3 депутаттын позициясын билүүгө азырынча мүмкүнчүлүк болгон жок.

Мыйзам долбооруна эң көп каршылыгын билдирген депутат Адахан Мадумаров болду.

Оюн-зоок мыйзамы же кумарканалар өлкөдө 2011-жылы V чакырыштагы депутат Бакыт Жетигеновдун демилгеси менен жабылган болчу.

Article written by admin

"Бакай-Ата" коомдук порталы

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *