Адам укуктары, мамлекеттик жана коом, медиасабаттуулук – бул үч тема үч күндүк окутуунун өзөктүү темаларынан болду. “Ак-Дөбө” коомдук бирикмеси Жаштарды Өнүктүрүү Институту менен биргеликте “Жаш Тирек” аттуу долбоору Талас облусунда старт алды. Биздин редакция аталган облусттук масштабдагы окутууга толук катышып, окуучулардын оюн жыйноого аракет кылды.
.


Азамат мырза алгачкылардан болуп Таласка АКИпресс агенттигинин бөлүмүн ачып, эркин көз караштагы азыркы журналисттердин өсүп чыгышына себепкер болгондордун бири.


Шекерден келген Сабырбек
Мага айрыкча Кайрат агай (редк. Ак-Дөбө жаштар борборунун төрагасы) жакты. Буйурса жакшы идеалар бар, ошолорду ишке ашырганга арекет кылып, окутуунун кийинки бөлүгүндө ишке ашырып баргым келет.

Айдана менен Назира
Бизди окуткан эки агайдын тең өздөрүнүн методикасы болду – катышуучулар менен иш алып баруусу, тил табыша билүүсү өзгөчө жакты деп айта алам. Мен негизи мындай тренингке биринчи жолу катышуум болду. Келечектеги мугалим катары үч күндүк сабак – аябай бир тажырыйба топтоо болду десем болот.” – дейт Айдана.

Таластын эң четки чеги болгон Маймактан келген Луиза убалрга токтолду
Билбеген нерселерди билип алдым жана дагы эң жаккан жери – ошол жердеги адамдар жана ошол эле жердеги атмосфера. Мен буйруса кийинки этаптагы окутууларга сөзсүз барам.

Сезим 10-классты аяктап, “Медиа Кыздар” долбоорунун бүтүрүүчүсү тренер Данияр агайдын сабак өтүүдө өзгөчө тажыйырбасы бар экенин белгилейт.
Данияр агайдын “Адам укуктары, демократия, конституция” тууралуу Берген маалыматы аябай жакты. Дал ушул тренингдин жалпы отуулучу мазмунун билсем дагы, мен үчүн жаңы билим, тажрыйба катары чоң мааниге ээ. Ошондой эле кандайдыр бир деңгээлде эрудициямды өнүктүрө алдым десем болот. Себеби мен билбеген жаңы терминдер көп экен. Мисалы “апатрид”. Балким ушул тренингге катышпасам эң пайдалуу маалыматтар, терминдерден кур калмакмын деп ойлойм.

Тренинг тууралуу ал мындай дейт;
1- Окуу үч күн болду ар бир күн, деги эле ар бир саат маанилүү жана пайдалуу. Эми мага баарынан жаккан тема; Медиа сабаттуулук жана, лидер болду
2- экөө тең мыкты Азамат агай дагы Данияр агай дагы теманы жакшы түшүндүрөт экен, адамды өзүнө тартып, Данияр агайдын ушул тактикасы жакты түшүнбөгөнчө түшүндүрө бергени.
3- үйгө келип эле жумуш кылдым, эртең түшкө чейин баарын бүтүрүп сүрөткө тарткан маалыматтарымды жазып аларды бышыктап кайталап, буюрса баарык теманы окуп, үйрөнүп, окуу жылы башталса башка окуучулар мн бөлүшөм.
4- кийнки окууга сөзсүз барам жана ал убакты чыдамсыздык менен күтүүдөмүн, себеби үч күндүн ичинде тапкан досторумду, эжелеримди, байкелеримди 4 сааттан бери сагынуудамын билбейм эми дагы 1 ай кантип өтөт
Аземанын колун кармап турган курбусу Малика эң кенже катышуучу – быйыл ал 9-классты аяктады.
Жайкы каникулдарымды пайдалуу өткөрүп жатам деген ал буларды айтып берди;
Тренердердин мыкты деген деңгээлде өтүп берүүсү жана өзгөчөлүгү жакты. Данияр агайдын демократия тууралуу трениг өтүүсүн.Өзүмдөн кичүүлөргө билген иажрыйбам боюнча бөлүшөм. Алтын эрежени жазуу, эгер эрежеге жооп беришпесе жазалоо. Айыл өкмөттөрдүн сайтын ачып биздин пикирди чогулткан Сизге да чооң ыракмат
Эске сала кетсек “Ак-Дөбө” коомдук бирикмесинин төрагасы, ошондой эле аталыштагы айылдык кеңештин депутаты Кайрат Сагынбаев – бул долбоор ушул жылдын декабрь айына чейин созулат. Ал жаш өспүрүмдөрдү сынчыл ой жүгүртүп, өлкөнүн өнүгүүсүнө кызыкдар жаштардын катмарын калыңдатат. Биз болсо ал максаттардын кандай аткарылып жатканына байкоо сала бермекчибиз.

Бетти даярдагандар Бакай-Ата райондук Маданият үйүнүн методиси – А.Ш.Каработоев. Сүрөттөрдүн автору Сыргак Авасбеков – Бакыян айыл өкмөтүнүн адиси жана влогер жана Шекер айылынын активдүү жараны Сабырбек Үзөнбеков.
Be the first to comment