Июлдун ортолору Таласка баш прокурор менен ИИМ министри келет

Президент Садыр Жапаров тапшырмасы менен ушул айдын ичинде Кыргызстанда жергиликтүү жолугушуулард өткөрөт. Июлдун орто ченинде Талас облусунун тургандары менен башкы прокурор Курманкул Зулушев жана ИИМ башчысы Улан Ниязбеков жолугат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өзүнүн фейсбук баракчасынан билдирет. Анда мындай деп айтылат;

Урматтуу кыргызстандыктар!
Президент Жапаровдун өлкөбүздүн аймактарына жумушчу сапарындагы жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар учурунда бир катар көйгөйлөр көтөрүлөт. Алардын көпчүлүк бөлүгүн соттордун чечимдерине, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин иш-аракеттерине карата нааразылыктар түзөт. Дал ошол себептен Мамлекет башчыбыз Башкы прокурор менен Ички иштер министрин жер-жерлерге чыгып, элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алуу тапшырмасын койду.
Эл менен жолугушуу графиги:
Алгач, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарына барышат. Андан кийин Талас, Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарын кыдырышат. Кайсыл күнү кайсыл райондо боло турганын алдын ала жарыя кылып турабыз.
Жергиликтүү калктын аталган органдардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу суроо талабы болсо ошол жерден алардын жетекчилигине кайрыла алышат.
Ошондой эле, адилетсиздик, мыйзамсыздык болуп жаткан окуяларга кабылгандардын жакындары да чогулушка келип, маселелерин жеринде жеткире алышат.

Эрбол Султанбаев

Article written by admin

"Бакай-Ата" коомдук порталы

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *