Акназаровтогу жыйын: Эл депутатына эмнелерди айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Русланбек Жакышов Акназаров айылдык аймагынын активдери жана эл менен жолукту.

айыл өкмөт башчысы Ильяс Жакшымбетов активист жаштар менен

Эң алгач Маданият айлынын башчысы Бөдөш Эшеналиев ак сакал катары сөз алып, аталган айылдагы электр чубалгылары токко уланбай, трансформация тайкы абалда турганын айтты.

Русланбек мырза бул көйгөйдү чечүүгө жеринен РЭСке тапшырма берип, көйгөй чечиле турган болду.

Жаздын камын кышта көр демекчи депутатка айтылган экинчи маселе көмүрдүн көп көлөмдө жеткиликтүү, арзан баада алынып келүүсү айтылды.

Өлгөндөр барк алмайынча – тирүүлөр даңкталбайт деп айылдаштар Корчубек Акназаровдун жүз жылдыгын кандай белгилесе болоорун талкуулашты.

Депутат кийинки күнү Бакай-Ата айылына бараарын маалымдады.

Article written by admin

"Бакай-Ата" коомдук порталы

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *