7 жылдын ичинде “Жер Үйдөн” районго 750 млн сом тартылган – видео

Талас облусунда жайгашкан “Жер Үй” алтын кени учурда алтындын кору боюнча өлкөдө “Кумтөрдөн” кийинки ири кен. Аны иштетүүгө 2015-жылы орусиялык компания укук алып, фабрика куруу дээрлик 5 жылга жакын созулган. Былтыр алгачкы ирээт алтын өндүрүлө баштаган.

“Жер Үйдү” иштетекен “Востокгеолдобыча” Кыргызстандагы туунду компаниясы болгон “Альянс Алтын” аркылуу ар кандай маанидеги социалдык долбоорлорду өз акчасына каржылап келген. Ошолордун бири Бакай-Ата районунда болуп, алар 2016-2022 чейин 750 млн сом [дээрлик $1 млн жакын] каражат жумшаганын төмөндөгү видеодон көрсө болот.

2015-жылга чейин “Жер Үй” кени ар кандай талаш-тартыштын чордону болуп келген.

Тилекке каршы 2020-жылкы ыңкылап учурунда кенди жергилиткүү тургундар өрттөп жиберүүгө дагы барган. Натыйжада кен 30 млн сомдук зыянга учурап, жетекчилигинде бир топ адамдар кызматтан алынган.

https://youtube.com/shorts/q594Niqu4Kw?feature=share

Былтыр, 2021-жылдын мартында Садыр Жапаров Таласка өзү келип, салтанаттуу түрдө алтын иштетүүнүн алгачкы кнопкасын баскан. Анын келүүсүн жергилиткүү тургандар жана жалпы облыстун жашоочулары 6 саатка жакын күткөн, натыйжада ал кайрылыштан токтоп туруп, топтолгондор менен жолуккан бирок күзөт кызматы видео тартууга уруксат берген эмес.

Таластын мурунку облус башчысы Айбек Бузурманкулов бул кенде мамлекеттин үлүшү 0% болгондуктан кендин ачылыш аземине катышпай, арыз жазып кызматтан кеткен.

Соңку 2 жылда алтын кен социалдык ишкердикти колдоону активдүү жандандырганы байкалат.

илюстрациялык сүрөттөр akchabar жаңа 24kg сайттарынан алынды.

Биз былтыр бейрасмий түрдө “Альянс Алтындын” жетекчилиги фонд көбүнчө ишкердикти колдоого бет алганын айткан. Буйруса бул жааттан жаңылбай кете берсе облуста ишкерлер илгерлеп, ар кандай араздашуулар абдан азаят деген ишеничтебиз.

ЭСКЕРТҮҮ!

Бул макала жарандык журналист, Маданият кызматкери Азамат Каработоевке таандык жана жалпы редакциянын көз карашын чагылдырбайт

Article written by admin

"Бакай-Ата" коомдук порталы

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *