Ишкердик үчүн – 50 бүлө 100 миң сомдон алышты

13-сентябрда Бакай-Ата райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Маданият үйүндө 9 айыл өкмөттүн тургундарына 100 000 [жүз миң] сомдук 50 сертификат тапшырышты.

Салтанатка Бакай-Ата районунан акими Алгынбай Имаров, Ак-Дөбө айылдык аймагынын башчысы Уланбек Буланбеков, Бакай-Ата айылдык аймагынын башчысы Руслан Байдулатов, Шадыкан айылдык аймагынын башчысы Бийгазы Таалайбеков, Маданият бөлүмүнүн башчысы Мусулманкул Төлөбаев сыяктуу жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышкан.

Биз райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Каныкей Бошкоеваны сертификат ээлери 100 000 сомго ишкердик баштоо үчүн кандай аракеттер болоорун тууралуу кепке тарттык.

Ушундай эле өңүттөгү иш-чаралар Таластын башка райондорунда өтүп жатты.

Article written by admin

"Бакай-Ата" коомдук порталы

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *