March 2020

Жаштар 3 айылдын көчөлөрүн өз каражаттары менен дезинфекциялашты

Бакай-Ата, Үч-Эмчек жана Наматбек айылында 1985-жылы төрөлгөн жаштары өз ыктыяры менен айылдардын көчөлөрүн дезинфекция кылууну чечишкен. Ал үчүн 5 трактор жана 50 кг хлорду колдонушкан. “Альянс Алтын” компаниясы жаштарга хлор менен камсыздашса айыл өкмөт атайын кызматкерин кошуп беришкен. Демилгечилердин бири Жаныбек Күмүшбеков бул иштер короновирус илдетин алдын алуу максатында жасалганын билдирди.

Видео: Италиядагы ири жоготуулардын күбөсү болгон айылдашыбыз кайрылуу жасады

Бул жолу биз 2012-жылы Бакай-Атадан Италияга кетип, учурда ал жакта белгилүү моделдердин бирине айланган мекендешибиз Бурмачач Томоева менен баарлаштык. Ал, короновирус Италияга кандай зыян алып келгенин жана Кыргызстан мындан кандай сабак алыш керектигин кеп кылып, кайрылды. Ал бизге өзү жашап жаткан Милан шаарынын учурдагы көрүнүшүн көрсөтүп, сүрөттөрү менен бөлүштү.

Бакай-Атада райондук жана айылдык посттор орнотулду

Бүгүн, 24-мартта Бакай-Ата районунун акиминин башчылыгында райондук штаб өттү. Анын жыйынтыгында короновирус илдетинен коргонуу максатынла райондук жана айыл аралык блок постторду орнотуу чечими кабыл алынган. bakaiata.kg аталган чечим кандай аткарылып жатканын кыдырып көрдү. Бакай-Атадан чыгып. Кызыл-Сай айылына бараткандагы алгачкы постто бир милиция кызматкери биздин кайсыл жактан чыгып кайда баратканыбызды сурап туруп өткөрдү. Ак-Дөбө менен өзгөрүштүн …

Бакай-Атада райондук жана айылдык посттор орнотулду Read More »

Короновирусту жуктургандардын саны 42 адамга жетти – Таластагы айыл аралык жолдор жабылды

Бүгүн Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков коронавирус боюнча өлкөдө болуп жаткан учурдагы абал тууралуу айтып берип жатып, 24-мартта республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды. Мындан улам, Кыргызстанда жалпы 42 адамда COVID-19 вирусу аныкталды. Алар төмөнкү медициналык мекемелерде жайгашкан: 1. Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада 2. Ош облустар аралык клиникалык …

Короновирусту жуктургандардын саны 42 адамга жетти – Таластагы айыл аралык жолдор жабылды Read More »

Кыргызстандын бардык облустарына 14 көзөмөл карантиндик посттор орнотулду

Короновирустун жайылышын алдын алуу максатында Кыргызстандын 7 облусунда 14 карантиндик посттор орнотулат. Ал жерлерде Саламаттыкты сактоо министирлиги өзгөчө кырдаалдар министирлиги жана ИИМ кызматкерлери 24 сааттык режимде 2 нөөмөттө иш алып барышат.

Абылгазиев: Карантин бул сейилдөө эмес ал өмүрдү сактап калуу чарасы

Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев коронивруска илдетине карата элге кайрылуу жасады. Анда атуулдардын кенебеситиги коркунуч жаратып жатканын билдирип, алар жаза алаарын айтты. Ал карантин учурунда үйдө олтуруп, бири-бирин айоого чакырды.

Бакай-Ата: Эл каттоо белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Кыргызстандагы Эл жана турак-жайды каттоо ушул жылдын 23-мартынан 1-апрелге чейин жүргүзүлмөк. Тилекке каршы Ковид-19 илдетинен улам өлкөгө Өзгөчө кырдаал абалы киргизилгендиктен Бакай-Ата айыл аймагында эл каттоо аракети белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Качан жана кандай шартта эл каттоо иши башталаары анык болоор замат сиздерди кабардар кылабыз.

Scroll to Top