Урматтуу Бакай-Ата айыл аймагынын тургундары!

Биздин айылда кечээги 22-марттан баштап өлкөбүздүн баардык аймактарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул кырдаалга байланыштуу Бакай-Ата айылынын жарандык коргонуу башчысы Нурлан Доулбеков сиздерге кайрылып, үйдө жакындарыңыз менен бирге болууга чакырат.

«Кымбатуу айылдаштар! өткөн жылдын аягында Кытайдан чыккан Covid-19 же бизге короновирус деп таанылган ооруу дүйнөдөгү миңдеген адамдардын жанын алды. Мындан улам Кыргыз Республикасынын өкмөтү өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизди. Биз өзүңүздү жана үй-бүлөнү сактоо максатында көчөгө чыгуудан, коомдук жайларга, той топурга ар кандай мааракелерге, кошуна туугандардыкына баруудан убактылуу баш тартканыңыз баардык адамдар үчүн жакшы. Күнүмдүк муктаждык үчүн дүкөндөргө киргенде эле эмес , башка жерде болсоңуздар да , антисептик колдонуп , маска тагыныңыздар .
Үйдөн чыкпай, тартипти жана тазалыкты сактап, сабырдуулук, туура түшүнүү менен гана бул ооруудан өзүбүздү сактай алабыз. Чет өлкөдөн келген жарандар болсо , ооруканага кайрылып коюшун өтүнүп кетебиз . Сиздерден да суранып кетээр элек , чоочун адамдар жүрсө да кабарлап коюңуздар . Маалымат да азыркы ушундай кырдаалда өтө маанилүү болуп турат . Биз үчүн сиздердин жана жакындарыңыздын ден-соолугуңуздун чың болушу баарынан маанилүү.
Сиздерди терең урматтоо менен Бакай Ата айыл өкмөтүнүн жарандык коргоонун башчысы Нурлан Доулбеков.

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх